Фридрих Энгельс

Акылдын кандай чырагы өчтү. Кандан жүрөк согуудан токтоду!

1895-жылы жаңы стиль менен 5-августта (24-июлда) Лондондо Фридрих Энгельс дүйнөдөн кайтты. Энгельс өзүнүн досу Карл Маркстан кийин (Маркс 1883-жылы өлгөн) бүткүл цивилизациялуу дүйнөдегү азыркы замандын пролетариатынын эң сонун окумуштуусу жана окутуучусу болучу. Тагдыр Карл Маркс менен Фридрих Энгельсти жолуктурган күндөн тартып, бул эки достун турмуштук эмгеги алардын жалпы иши болуп калган. Ошондуктан, Фридрих Энгельстин пролетариат үчүн эмне иштеп бергендигин түшүнүү үчүн, азыркы замандагы жумушчу кыймылынын өнүгүшүндө Маркстин илими менен ишинин маанисин ачык өздөштүрүп алуу керек. Өзүнүн талаптары бар жумушчу табы азыркы кездеги, экономикалык тартиптин, буржуазия менен бирге пролетариатты да кадиксиз түзүп жана уюмдаштырып отура турган тартиптин зарыл түрдөгү туундусу экендигин Маркс менен Энгельс биринчи жолу көрсөтүштү; алар адамзатты азыр эзип турган кырсыктардан куткара турган нерсе айрым ак ниет адамдардын жакшы саналуу аракеттери эмес, уюмдашкан пролетариаттын тап күрөшү гана экендигин көрсөтүштү. Маркс менен Энгельс өздөрүнүн илимий эмгектеринде, социализм дегенибиз кыялданган адамдар ойлоп чыгарган нерсе эмес, азыркы коомдогу өндүргүч күчтөрдүн өнүгүшүнүн түпкү максаты жана зарыл натыйжасы экендигин биринчи жолу түшүндүрүштү. Азыркы күнгө чейин жазылып келген тарыхтын баары тап күрөшүнүн тарыхы, коомдук таптардын биринин экинчисинин үстүнөн болгон үстөмдүгүнүн жана жеңиштеринин алмашып турушу болучу. Андыктан бул, тап күрөшүнүн жана таптык үстөмдүктүн негиздери — жеке менчик менен тартипсиз түрдө болгон коомдук өндүрүү жок болмоюнча, ушундай болуп созула бермек. Пролетариаттын таламдары бул негиздерди жоюуну талап кылат, ошондуктан уюмдашкан жумушчулардын аң-сезимдүү тап күрөшү ошол негиздерге каршы багытталууга тийиш. Ал эми ар кандай тап күрөшү саясий күрөш болуп эсептелет.

Маркс менен Энгельстин бул көз караштарын азыр өзүнүн боштондугу үчүн күрөшүп жаткан пролетариаттын бардыгы өздөштүрүп алышты, бирок бул эки дос 40-жылдарда өз убагындагы социалисттик адабиятка жана коомдук кыймылдарга катышкан кезде, мындай көз караштар таптакыр жаңылык эле. Ал кезде, саясий боштондук үчүн күрөшкө, падышалардын, полициянын жана поптордун самодержавиесине каршы күрөшкө кызыгып кетип, буржуазия менен пролетариаттын таламдарынын карама-каршы экендигин көрбөген таланттуу жана талантсыз, ак ниеттүү жана ак ниетсиз кишилер көп болгон. Бул кишилер жумушчулардын өз алдынча коомдук күч катарында чыга тургандыгын ойлоп да коюшкаи эмес. Экинчи жагынан, азыркы кездеги коомдук тартиптин адилетсиз экендигине башкаруучуларды жана үстемдүк кылуучу таптарды ишендирүү гана керек, ошондо жер жүзүне тынчтыкты жана текши жыргалчылыкты оңой гана орнотууга болот, деп ойлошкон, көптөгөн куру кыял, кээде даанышман адамдар да болгон. Алар күрөшсүз эле социализм жөнүндө кыял кылышкан. Эң аягында, ошол кездеги социалисттердин бардыгы дзэрлик пролетариатты жараат катарында гана көрүп, өнөр жайдын өсүшү менен бирге бул жарааттын да өсүп жаткандыгына үрөйү учуп карашкан. Ошондуктан алардын бардыгы өнөр жайдын жана пролетариаттын өнүгүшүн кантип токтотуу, «тарыхтын дөңгөлөгүн» токтотуу жөнүндө ойлошкон. Пролетариаттын өнүгүшүнүн алдындагы ушундай жалпы коркууга карама-каршы Маркс менен Энгельс өздөрүнүн бардык үмүтүн пролетариаттын тынымсыз өсүшүнө жүктөшкөн. Пролетарлар канчалык көп болсо, революциялык тап катарында алардын күчү да ошончолук көп болот, социализмдин келиши да ошончолук жакын жана мүмкүн болот. Маркс менен Энгельстин жумушчу табына сиңирген эмгегин бир аз сөз менен мындай деп айтууга болот: алар жумушчу табын өзүн-өзү таанып-билүүгө жана таптык аң-сезимге үйрөтүштү жана ошентип алар кыялдардын ордуна илимди койду.

Мына ошондуктан Энгельстин ысмы менен өмүрү ар бир жумушчуга тааныш болууга тийиш, мына ошондуктан орус жумушчуларынын өзүнүн таптык аң-сезимдүүлүгүн ойготуу максатын алдына коюп отурган, биздин бардык чыгармаларыбыз сыяктуу эле, биздин ушул жыйнагыбызда да биз азыркы замандын пролетариатынын улуу эки окутуучусунун бири болгон Фридрих Энгельстин өмүрү менен ишинин очеркин берүүгө тийишпиз.

Энгельс 1820-жылы, пруссиялык королевствонун Рейн провинциясындагы Бармен шаарында туулган. Анын атасы фабрикант болгон. 1838-жылы Энгельс үй-бүлөлүк шарттардын себептеринен гимназияны бүтпөстөн эле, Бремендеги бир соода үйүнө приказчик болуп кирүүгө мажбур болгон. Купецтик иш Энгельске өзүнүн илимий жана саясий билимин көтөрүү жагынан иштөөгө тоскоолдук кылган эмес. Ал гимназист кезинде эле самодержавиени жана чиновниктердин зордук-зомбулугун жек көргөн. Философия жагынан иштөө аны андан ары илгерилетти. Ал кезде немецтик философияда Гегелдин илими үстөмдүк кылып отурган, ошондуктан Энгельс анын жолун жолдоочу болгон. Гегель өзү самодержавиелик Пруссия мамлекетинин алдында жүгүнүп, Берлин университетинин профессору катарында ага кызмат кылган болсо да, Гегелдин илими революциячыл болгон. Гегелдин адамзаттын акыл-оюна болгон ишеничи жана анын укугу, гегелдик философиянын дүйнөдө өзгөрүү менен өнүгүү процесси дайым болуп турат деген негизги жобосу берлиндик философтун чындык менен элдешкиси келбеген шакирттерин чындык менен күрөшүүнүн да, жашап турган акыйкатсыздык, өкүм сүрүп турган балаа менен күрөшүүнүн да түп тамыры түбөлүк өнүгүүнүн дүйнөлүк законунда турат деген ойго алып келген. Эгер бардык нерсе өнүгүп турса, эгер мекемелердин бирөөлөрү экинчи бирөөлөрү менен алмашылып турса, анда пруссиялык королдун же орус падышасынын самодержавиеси, жокко эсе азчылыктын эбегейсиз зор көпчүлүктүн эсебинен байышы, буржуазиянын элге кылган үстөмдүгү эмне үчүн түбөлүк тура берүүгө тийиш? Гегелдин философиясы духтун жана идеялардын өнүгүшү жөнүндө айткан, ал идеалисттик философия болучу. Бул философия жаратылыштын, адамдын өнүгүшү жана адамзаттык, коомдук мамилелердин өнүгүштөрү духтун өнүгүшүнөн келип чыгат деп көрсөткөн. Маркс менен Энгельс Гегелдин түбөлүк өнүгүү процесси жөнүндө 1 айткан пикирин кармап калып, алдан ойлонуп алынган жалган идеалисттик көз карашты четке кагышты; алар турмушка кайрылып, жаратылыштын өнүгүшүн духтун өнүгүшү менен түшүндүрбөстөн, тескерисинче — духту жаратылыштын, материянын өзүнөн алып чыгып түшүндүрүү керек экендигин көрүшкөн… Гегелге жана башка гегелчилерге карама-каршы, Маркс менен Энгельс материалист болушкан. Алар дүйнөгө жана адамзатка материалистче карашып, жаратылыштын бардык көрүнүштөрүнүн негизинде материалдык себептер жаткандай эле, адамзат коомунун өнүгүшү да материалдык, өндүргүч күчтөрдүн өнүгүшү менен шарттала тургандыгын көрүшкөн. Адамзаттык керектөөлөрдү канааттандыруу үчүн зарыл болгон буюмдарды өндүрүүдө кишилердин бир бирине кыла турган мамилелери өндүргүч күчтөрдүн өнүгүшүнө байланыштуу болот. Коомдук турмуштун бардык көрүнүштөрү, адамзаттык умтулуштар, идеялар жана закондор мына ушул мамилелер менен түшүндүрүлөт. Өндүргүч күчтөрдүн өнүгүшү жеке менчикке таянуучу коомдук мамилелерди түзөт, бирок, өндүргүч күчтөрдүн ошол эле өнүгүшү менчикти көпчүлүктөн тартып алып, аны жокко эсе болгон азчылыктын колуна топтогондугун биз азыр көрүп отурабыз. Ошол өнүгүү азыркы замандагы коомдук тартиптин негизи болгон менчикти жоёт, ал өзү да социалисттер өз алдына койгон максатка карай умтулат. Социалисттер, кайсы коомдук күчтүн, азыркы коомдо өз абалы боюнча, социализмди турмушка ашырууга таламдуу экендигин түшүнүп, ал күчкө өз таламдарын жана тарыхый милдетин түшүндүрүп берүүлөрү гана керек. Андай күч — пролетариат. Аны менен Энгельс Англияда, англиялык өнөр жайдын борбору Манчестерде таанышты, ал Манчестерге 1842-жылы барып, өзүнүн атасы пайщиктеринин бири болгон соода үйүнө кызматка кирди. Энгельс мында фабриканын конторасында гана тим отурбастан, жумушчулар эптеп баш калкалай турган булганыч кварталдарды аралап жүрүп, жумушчулардын жакырчылыгын жана тарткан азап-тозогун өз көзү менен көргөн. Бирок ал өзүнүн байкагандарына гана канааттанып тим болбостон, англиялык жумушчу табынын абалы жөнүндө өзүнө чейин эмне табылып, эмне жазылса, ошонун бардыгын окуп чыккан, ал өзүнүн колу жеткен официалдык документтердин бардыгын тыкандык менен үйрөнүп чыккан. «Англиядагы жумушчу табынын абалы» деген 1845-жылы чыккан китеп мына ушул үйрөнүүлөрдүн жана байкоолордун жемиши болучу. «Англиядагы жумушчу табынын абалы» деген китептин автору болгон Энгельстин сиңирген башкы эмгеги эмнеде экендигин биз жогоруда эскерткен элек. Энгельске чейин да өтө көп кишилер пролетариаттын гарткан азабын сүрөттөп, ага жардам берүү зарылдыгын көрсөткөн эле. Пролетариат азап тартуучу гана тап эмес, пролетариаттын экономикалык маскара абалда болушунун дал өзү аны токтоосуз алга түртөт жана аны өзүнүн биротоло боштондукка чыгышы үчүн күрөшүүгө мажбур кылат, деп Энгельс биринчи айткан. Ал эми күрөшүүчү пролетариат өзүнө өзү жардам берет. Жумушчу табынын саясий кыймылы жумушчулардын, аларда социализмден тышкары арга жок экендигин түшүнүүгө сөзсүз алып келет. Экинчи жагынан, социализм жумушчу табынын саясий күрөшүнүн максаты болуп калганда гана ал күчкө айланат. Энгельстин Англиядагы жумушчу табынын абалы жөнүндөгү китебинин негизги пикирлери, бардык ойлоочу жана күрөшүүчү пролетариаттын азыр өздөштүрүп алган, бирок ал кезде такыр эле жаңы болгон пикирлери мына ушулар. Бул пикирлер англиялык пролетариаттын тарткан азаптары жөнүндө эң анык жана эң аянычтуу көрүнүштер менен толгон, кызык жазылган китепте баяндалган болучу. Бул китеп капитализм менен буржуазияны эң катуу айьштоочу китеп болгон. Бул китеп калтырган таасир өтө зор эле. Энгельстин бул китебине, бардык жерде азыркы замандагы пролетариаттын абалын эң мыкты көрсөтүүчү китеп катарында таяна башташкан. Чынында да, жумушчу табынын тарткан азабын ушунчалык акыйкаттык менен ачык-айкын сүрөттөгөн чыгарма 1845-жылга чейин да, андан кийин да болгон эмес.

Энгельс Англияда гана социалист боло алды. Манчестерде ал англиялык жумушчу кыймылынын ошо кездеги ишмерлери менен байланышып, англиялык социалисттик басма сөздөргө жаза баштады. Ал 1844-жылы Германияга кайтып бараткан жолунда Парижде Маркс менен таанышты, аны менен Энгельс мурда эле кат жазышып турушкан болучу. Маркс да Парижде француз социалисттеринин жана француз турмушунун таасири астында социалист болуп калган эле. Мында эки дос биргелешип, «Ыйык үй-бүлө, же сынчыл сынга сын» деген китеп жазышты. «Англиядагы жумушчу табынын абалы» деген китептен бир жыл мурда чыккан жана көн бөлүгү Маркс тарабынан жазылган бул китепте, биз жогоруда башкы пикирлерин баяндап кеткен революциячыл-материалисттик социализмдин негиздери салынган болучу. «Ыйык үй-бүлө» — эки бир тууган философ Бауэрлерге жана алардын жолун жолдогондорго шылдыңдап коюлган ат. Бул господиндер ар кандай чындыктан жогору турган, партиядан жана саясаттан жогору турган, ар кандай практикалык ишти танган жана курчап турган дүйнөнү жана анда болуп жаткан окуяларды «сын» көзү менен гана караган сынды үгүттөшкөн. Господин Бауэрлер пролетариат жөнүндө, ал сынчыл эмес масса деп бой көтөрүп айтышкан. Бул сандырак жана зыяндуу багытка Маркс менен Энгельс чечкиндүү түрдө каршы чыгышты. Үстөмдүк кылуучу таптар менен мамлекеттен тепки жеген чыныгы адамзатынын — жумушчунун урматы үчүн, алар үстүртөн эле байкап-карап турууну эмес, коомдун мыкты түзүлүшү үчүн күрөш жүргүзүүнү талап кылышат. Ушундай күрөштү жүргүзүүгө жарамдуу жана ага таламдуу болгон күч деп, Маркс менен Энгельс, албетте, пролетариатты эсептешкен. «Ыйык үй-бүлөгө» чейин эле, Маркс менен Ругенин «Немецтик-Француздук Журналында» Энгельс «Саясий экономия боюнча сын очерктерин» басып чыгарган, бул очерктеринде ал азыркы замандагы экономикалык тартиптин негизги көрүнүштөрүн жеке менчиктин үстөмдүгүнүн болбой койбой турган натыйжалары катарында социализмдин көз карашынан карап чыккан. Маркстин саясий экономияга, өзүнүн эмгектери анда бүтүндөй бир көңтөрүш жасаган илимге киришүүсүнө анын Энгельс менен болгон мамилеси таасир бергендиги талашсыз.

1845-жылдан 1847-жылга чейинки убакытта Энгельс Брюсселде жана Парижде жашап, илимий иштерин Брюсселдеги жана Париждеги немец жумушчуларынын арасындагы практикалык иш аракеттери менен айкалыштырып жүргүзүп турду. Мында Энгельс менен Маркс жашырын немецтик «Коммунисттер союзу» менен байланышышты, ал союз Маркс менен Энгельске өздөрү иштеп чыккан социализмдин негизги башталмаларын жазып чыгууну тапшырган эле. Маркс менен Энгельстин 1848-жылы басылып чыккан атактуу «Коммунисттик партиянын манифести» мына ушинтип пайда болду. Бул кичине гана китеп бүтүндөй бир томдорго татыйт: цивилизациялашкан дүйнөнүн бүткүл уюмдашкан жана күрөшүп жаткан пролетариаты азыркы күнгө чейин анын духу менен жашап жана аракет кылып жатат.

Адегенде Францияда башталып, анан Батыш Европанын башка өлкөлөрүнө да жайылган 1848-жылдагы революция Маркс менен Энгельсти родинасына алып келди. Бул жерде, Рейндик Пруссияда алар Кёльнде чыгып турган демократиялык «Жаңы Рейндик Газетанын» башында турушту. Бул эки дос Рейндик Пруссиядагы бүткүл революциялык-демократиялык умтулуштардын жаны эле. Алзр элдин жана боштондуктун таламдарын реакциячыл күчтердөн акыркы мүмкүнчүлүктөрүнө чейин коргоп турушту. Реакциячыл күчтөр белгилүү болгондой, жеңип кетишти. «Жаңы Рейндик Газетага» тыюу салынды, өзүнүн эмиграцияда жүргөн убагында пруссиянын граждаиы деген укугунан айрылып калган Марксти ал жерден айдап жиберишти, Энгельс болсо, элдин куралдуу көтөрүлүшүнө катышып, үч жолку урушта эркиндик үчүн салгылашты жана көтөрүлүшчүлөр жеңилгенден кийин Швейцария аркылуу Лондонго качып кетти.

Маркс да ошол жерге барып жайланышты. Көп убакыт өтпөй эле Энгельс 40-жылдарда өзү кызмат кылган Манчестердеги соода үйүнө башкаруучу, андан кийин пайщик болуп иштеп калды. 1870-жылга чейин Энгельс Манчестерде, ал эми Маркс болсо Лондондо турду, бул аларга эң жандуу рухий карым-катнашта болууга тоскоолдук кыла алган жок: алар ар күнү дээрлик кат жазышып турушту. Эки дос бул кат жазышууда өздөрүнүн көз караштары жана билимдери жагынан пикир алмашышып, илимий социализмди биргелешип иштеп чыгуу ишин уланта беришти. 1870-жылы Энгельс Лондонго көчүп келди, ошондон 1883-жылга, Маркс дүйнөдөн кайтканга дейре, алардын өтө чымырканган иштерге толгон биргелешкен духовный турмушу токтогон жок. Маркстин, биздин кылымдагы эң улуу саясий-экономикалык чыгарма болгон «Капиталы», Энгельстин толуп жаткан ири жана майда чыгармалары ошол чымырканган иштердин жемиши болучу. Маркс капиталисттик чарбанын эң татаал көрүнүштөрүн талдап чыгуунун үстүндө иштеди. Энгельс өтө жеңил жазылган, көбүнчө полемикалык түрдөгү эмгектеринде эң жалпы илимий маселелерди, өткөн жана азыркы замандын түрдүү көрүнүштөрүн — тарыхты материалисттерче түшүнүүнүн жана Маркстин экономикалык теориясынын духунда баяндаган. Энгельстин бул эмгектеринен төмөнкүлөрдү атап өтөлү:—Дюрингге каршы полемикалык чыгарма (мында философиянын, табият таануунун жана коомдук илимдердин эң зор маселелери талданып чыккан) 2. «Үй-бүленүн, жеке менчиктин жана мамлекеттин келип чыгышы» (орус тилине которулуп, С-Петербургда басылып чыккан, 3-басылышы, 1895), «Людвиг Фейербах» (орусча котормосуна эскертүүсү Г. Плехановдуку, Женева, 1892), орус өкмөтүнүн тышкы саясаты жөнүндөгү макала (Женевадагы «Социал-демократтын» 1-жана 2-сандарында орус тилине которулган), квартиралык маселе жөнүндөгү сонун макалалар, эң аягында, Россиянын экономикалык өнүгүшү жөнүндөгү кичине, бирок өтө баалуу макалалар («Фридрих Энгельс Россия жөнүндө», орус тилине В. Н. Засулич которгон, Женева, 1894). Маркс өзүнүн капитал жөнүндөгү эң зор эмгегин биротоло иштеп чыгууга үлгүрбөй дүйнөдөн кайтты. Бирок ал кол жазма түрүндө бүткөн эле, ошентип Энгельс досу өлгөндөн кийин «Капиталдын» Ⅱ жана Ⅲ томдорун иштеп жана басып чыгаруу үчүн оор эмгекке киришти. Ал 1885-жылы Ⅱ томун, 1894-жылы Ⅲ томун басып чыгарды (Ⅳ томду ал иштеп чыгууга үлгүрө албай калды). Энгельс «Капиталдын» Ⅱ жана Ⅲ томдорун басып чыгаруу менен өзүнүн гениалдуу досуна эң улуу эстелик тургузду, ал эстеликке өзүнүн атын да өчпөс кылып, оюп-жазып кетти, деп австриялык социал-демократ Адлер туура айткан. Чынында, «Капиталдын» бул эки тому экөөнүн: Маркс менен Энгельстин эмгеги. Байыркы ылакаптарда достуктун жүрөктү элжиреткен ар түрдүү үлгүлөрү жөнүндө айтылат эмеспи. Ал эми европалык пролетариат болсо биздин илимибизди өз ара мамилелерди адам баласынын жүрөктү элжиреткен достугу жөнүндө байыркылардын ылакаптарында айтылгандардан да жогору турган эки окумуштуу жана күрөшчү түзүшкөн деп айта алат. Энгельс ар дайым өзүн Маркстан кийин койгон,— бул жалпысынан алганда, абдан адилеттүүлүк эле. «Маркстин тушунда,— деп жазган болучу ал өзүнүн бир эски досуна,— мен экинчи скрипканы ойногонмун». Энгельс Марксты, анын тирүү кезинде да, жана ал өлгөндөн кийин да чексиз сүйүп урматтаган. Бул тайманбас күрөшчүдө жана эң туруктуу акылманда терең сүйүүчү жүрөк болгон.

1848—1849-жылдардагы кыймылдардан кийин Маркс менен Энгельс куугунтукталып жүргөн кездеринде жалаң гана илимий иштер менен чектелип тим болушкан жок. Маркс 1864-жылы «Жумушчулардын эл аралык коомун» түзүп, ал коомго ондогон жылдар бою жетекчилик кылды. Анын иштерине Энгельс да жандуу түрдө катышып турду. Маркстин ою боюнча, бардык өлкөлөрдүн пролетарларын бириктирип турган «Эл аралык коомдун» иштери жумушчу кыймылынын өнүгүшүндө эң зор мааниге ээ болду. Бирок 70-жылдарда «Эл аралык коом» жабылып калгандан кийин да, Маркс менен Энгельстин бириктирүүчү ролу токтолгон жок. Тескерисинче, жумушчулар кыймылынын рухий жетекчилери катарында, алардын мааниси дайыма өсө берди, деп айтууга болот, анткени кыймылдын өзү да тынымсыз түрдө өсүп жатты. Маркс дүйнөдөн кайткандан кийин, Энгельс өзү жалгыз европалык социалисттердин кеңешчиси жана жетекчиси болуп кала берди. Өкмөттүк куугунтуктоолорго карабастан, күчтөрү тездик менен жана токтоосуз өсүп жаткан немецтик социалисттер да, өздөрүнүн биринчи кадамдарын ойлоп жана салмактап басууга туура келген артта калган өлкөлөрдүн өкүлдөрү — мисалы, испандыктар, румындар, орустар да — баары бирдей кеңеш жана көрсөтмө сурашып, Энгельске кайрылып турушкан. Булардын бардыгы карт Энгельстин билиминин жана тажрыйбасынын бай казынасынан пайдаланышкан.

Маркс менен Энгельс экөө тең орусча тилди билген жана орусча китептерди окуй алышкан. Алар Россияга өтө кызыгуу менен көңүл бурушкан, орустун революциячыл кыймылынан тилектештик менен кабардар болушуп, орус революционерлери менен байланышып турушкан. Алардын экөө тең демократтардан келип социалист болушту, ошондуктан саясий ээнбаштыкты жек көрүучү демократиялык сезим аларда абдан күчтүү эле. Саясий ээнбаштыктын экономикалык эзүү менен байланышын теория жүзүндө терең түшүнүү менен айкалышкан бул нукура саясий сезим жана ошондой эле турмуштук бай тажрыйбалары Маркс менен Энгельсти дал саясий жактан өзгөчө сергек кылды. Ошондуктан, саны жагынан аз болгон орус революционерлеринин күч-кубаттуу падыша өкмөтүнө каршы баатырларча күрөшү бул сыналган революционерлердин жүрөгүнөн терең тилектештик сезимин тапты. Тескерисинче, жалган экономикалык пайдаларды көздөп, орус социалисттеринин эң эле тикеден-тике жана эң маанилүү милдеттеринен — саясий эркиндикти жеңип алуу милдетинен — тескери бурулгнн тымызын аракеттер алардын көзүнө шектуү болуп, көрүнгөндүгү табигый нерсе, жана алар, кала берсе, ал аракетти социалдык революциянын улуу ишине тикеден-тике чыккынчылык кылуу болот деп эсептешкен. «Пролетариаттын азаттыкка чыгышы анын езүнүн иши болууга тийиш»,— Маркс менен Энгельс дайыма мына ушуга үйрөтүп келишкен. Ал эми өзүнүн экономикалык боштондукка жетишин көздөп күрөшүү үчүн пролетариат өзүнө белгилүү бир саясий укуктарды жеңип алууга тийиш. Анын үстүнө, Россиядагы саясий революциянын батыш-европалык жумушчу кыймылы үчүн да зор мааниси боло тургандыгын Маркс да, Энгельс да ачык көрүшкөн болучу. Самодержавиелик Россия ар качан бүткүл европалык реакциянын тиреги болуп келген. Германия менен Францияны узакка чейин бири-бирине кас кылып койгон 1870-жылдагы согуштун натыйжасында Россиянын өтө ыңгайлуу эл аралык абалга ээ болушу, албетте, самодержавиелик Россиянын реакциячыл күч катарындагы маанисин гана күчөттү. Поляктарды, (финляндиялыктарды, немецтерди, армяндарды жана башка майда элдерди эзүүгө да, Германия менен Францияны дайыма бир-бирине каршы тукуруп турууга да муктаж болбой турган эркин Россия гана азыркы Европага согуштун оордуктарынан эркин дем алуу мүмкүндүгүн бермек, Европадагы бардык реакциячыл элементтерди начарлатмак жана европалык жумушчу табынын күчүн арттырмак. Мына дал ошондуктан Энгельс Батыштагы жумушчу кыймылынын ийгиликтүү түрдө жүрүшү үчүн да Россияда саясий эркиндиктин орнотулушун өтө катуу каалаган. Энгельстин дүйнөдөн кайтышы менен орус революционерлери өздөрүнүн эң мыкты досунан айрылып отурушат.

Пролетариаттын улуу күрөшчүсү жана окутуучусу Фридрих Энгельстин ысмы биздин эсибизде түбөлүк сакталат!

Notes:

  1. Өзүбүздүн акыл жагынан өнүгүшүбүз үчүн биз немецтин улуу философторуна, атап айтканда Гегелге көп милдеттүүбүз, деп Маркс менен Энгельс бир нече жолу көрсөтүшкөн. «Немецтик философия болбосо,— дейт Энгельс,— илимий социализм да болбойт эле». 
  2. Бул таң калгыдай мазмундуу жана өрнөктүү китеп. Бирок өкүнүчкө карата, бул китептен орус тилине социализмдин өнүгүшүнүн тарыхый очерки деген кичине гана бир бөлүгү которулган. («Илимий социализмдин өнүгүшү үчүн», экинчи басылышы, Женева, 1892-жыл)